ТИМ Казакстандагы окуяларга Кыргыз жарандарынын тиешеси болбогонун билдирди

Бүгүн, 5-январда Казакстандын башкы прокурору парламенттик угууда бир жыл мурдагы январь айында болуп өткөн башаламандыкка Кыргыз жарандары катышкандыгын билдирди.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдөгү ал окуяларга Кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тиешеси болбогонун билдирди.

«Массалык баш аламандык фактысы боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында эки Кыргыз жараны шарттуу түрдө сот жообуна тартылды. Бул жарандар кокусунан өзүнчө эпизодго катышып калган. Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденбегендигине өзгөчө көңүл бурабыз. Казакстанда бир дагы Кыргыз жараны митингдерге, массалык башаламандыкка, талап-тоноолорго катышкан эмес», — дешти министрликтен.

Өткөн жылдын январь айында коңшу өлкөдө орун алган коогалаңда 600дөн ашуун Кыргыз жараны эвакуацияланган.