ТИМ Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумун өткөрүүгө даярданууда

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козловду Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө аймактар аралык кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

Тараптар 9-Кыргыз-Орусия региондор аралык конференциясын, Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумун, Кыргыз-Свердловск өкмөттөр аралык комиссиясын өткөрүү боюнча ишти өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Маектештер Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана конструктивдүү диалогду улантуу үчүн динамикалык өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.