ТИМ: «Кыргызстан Тажикстанга качкан Ооган кыргыздарын эвакуациялайт»

иллюстрация

Кыргызстан Тажикстанга качкан Ооган кыргыздарын эвакуациялайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги Кичи Ооган Памиринин этникалык кыргыздары тажик чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө биринчи маалыматты 12-июлда Кыргызстандын Кабулдагы элчисинен алынгандыгын белгилейт. Кийинчерээк элчилик этникалык кыргыздардын өкүлү менен байланышып, Ооган кыргыздары чындыгында Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айылына көчүп кеткендигин тастыкташкан. 

“Чоң жана Кичи ооган Памириндеги этникалык кыргыздардын компакттуу жашаган жерлеринде жана алардын маршруту боюнча Тажикстан Памиринин бийик тоолуу райондорунда туруктуу байланыш каражаттарынын жоктугунан, маалыматтарды тастыктоо өтө кыйын жана узак убакытты талап кылат», — деп түшүндүрдү Тышкы иштер министрлиги.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине оогандык кыргыздардын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарына үзгүлтүксүз өтүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жөнөткөн Тиешелүү өтүнүчтү 13-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев Дүйшөмбү шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуусунун алкагында дагы айткан. 

Кыргыз тарап өз кезегинде эвакуация маселесин тез арада чечүү үчүн Тажикстан максималдуу жардам көрсөтөт деп күтүүдө.