ТИМ: «Мекендештерди Казакстандагы митингдерге, чыр-чатактарга катышпоого чакырабыз»

«Мекендештерди Казакстандагы митингдерге, чыр-чатактарга катышпоого чакырабыз». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдирүү таратышты.

«Казакстанда акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизге өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштешүүдө, зарыл болгон учурда, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат.

Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 (ыкчам байланыш номери), Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги: +996 (772) 454-444; Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу: +7 (777) 037-14-48+7 (777) 815-00-72.