ТИМ: «Ооганстандан эвакуацияланган Кыргыз жарандарынын арасында балдар да бар»

иллюстрация

Ооганстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарын Ооганстандан эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Орусия тараптын көмөгү менен, атайын авиабортту уюштуруунун натыйжасында кечээ, 25-августта Ооганстандан 10 кыргызстандык, алардын ичинде жашы жете элек балдар «Кабул-Кант» каттамы боюнча алып келинген.

25-августка карата Ооганстандан Кыргызстанга Кыргыз Республикасынын 36 жараны эвакуацияланды.