ТИМ: «Тажикстандагы кар көчкүдө каза болгон Кыргыз жарандары жок»

Социалдык тармактын колдонуучулары Тажикстандагы кар көчкүдө мургабдык кыргыздардын каза болгонун жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен каза болгон 14 кишинин ичинде Кыргыз жарандары жок экенин билдиришти.

«15-февралда кар көчкүнүн кесепетинен 14 адам каза болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар жок, алардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары да жок», — деп айтылат маалыматта.