Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн кыргызстандыктар жабыркадыбы же жокпу тактап жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.
Түркияда 6-февралда саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10 шаар жабыркаганын айтты.