«Тирүү дегилечи деп ыйлап кирдим». Ырчы Кызсайкал Кабылова Бекжан Темирхан кабылган жол кырсык тууралуу айтып берди

Кечээ, 10-ноябрда жол кырсыгынан каза болгон 27 жаштагы ырчы Бекжан Темирханды ырчы Кызсайкал Кабылова эскерди.

«Экөөбүзгө Балыкчыдагы бир ресторанда заказ бар болчу. Мен Балыкчыдан Бишкекке жолго чыккам. Бекжан Балыкчыга келе жаткан. Бекжандын гонорары бизде болчу. Чалып «жолдон берелиби же Бишкектен эле аласыңбы?» десек, «азыр эле алып алайынчы» деди. Боомдо күтөрүн айтты. Телефонду койгондон кийин 10 мүнөттөн кийин Талгар деген досу телефон чалды. «Унаа тоголонуп кетти, жол кырсыкка кабылдык» деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмеспиз. Барсам унаа толтура. Бекжанды «табышыптыр тирүү дегилечи» деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча жарым саат өттү. Тез жардам келип эле текшерди. Анан Сайкал кайрат кыл деди, нес абалда эле туруп калдым. Досум ай, шашмам, дайыма шашып жүрчү элең, шашып кете бердиң. Сени эч качан унутпайбыз», — деп жазды ал.