Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте каза болгон 3 жашар кыздын маселесин көтөрүп чыкты.
«Мага каза болгон 3 жаштагы кыздын атасы менен чоң энеси келди. Энесин уксаң жүрөк жарылат. Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерди текшерүү керек. Бул коррупция эмес, шалаакылык болуп жатат. Же билимди жакшы албай, операция кылып жатат», — деди ал.
Ал ошондой эле ага дагы бир каза болгон аялдын жакындары байланышка чыкканын билдирди. «Жаңы жылда бүт клиникаларды текшерүү керек», — деди ал.