Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калышы. Депутат дарыгерлер эмне үчүн жоопко тартылбай жатканына кызыкты

15-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев тиш дарылатып, чарчап калган 3 жашар кыздын окуясы боюнча маселе көтөрдү. Депутат «диагноз койгон жана багыттама берген дарыгерлер эмне үчүн жоопко тартылган жок?» деген суроо салды.

«Анестезиолог өз ишин дарыгердин көрсөтмөсү боюнча аткарат», — деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулунун айтымында, наркоз дарыгердин сунушу менен берилген, бирок анестезиолог иши үчүн кармалып жатат. «Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, дарыгерлерди жоопко тартат деп ишенебиз», — деп жооп берди ал.