«Токио-2020». Денис Петрашов сууда сүзүүдө өз тобунда жеңишке жетти

Кыргызстандык Денис Петрашов Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында экинчи оюнун баштады.

27-июлда ал брасс ыкмасында сүзүү боюнча 200 метрге мелдешке катышты. Жалпысынан бул дисциплина боюнча 40 спортчу жарыяланып, алар 5 топко бөлүнүштү.  Петрашов экинчи топто баштап, аны 2 мүнөт 10.07 секунд эсебинде жеңип алган.

Эки топтун жыйынтыгы боюнча кыргызстандык биринчи орунду ээледи. Алдыда дагы 3 топ бар, анын жыйынтыгы боюнча эң мыкты убакыт көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга чыгат.

24-июлда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкка сүзүп, 27-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылады.