Токиодогу олимпиада. Спортчулардын формасын тиккен дизайнер «мындай формалар үчүн 95 миң сом — туура эле баа» дейт

13-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту, андагы сүрөттөр интернет тармактарына тарап, кийинчерээк анын ар бир комплектинин баасы 95 миң сомду түзөрү белгилүү болду. Мындай баа, форманын дизайны көпчүлүктүн сынына кабылды. Биз талкуу чордонуна түшкөн дал ушул формаларды даярдаган дизайнер Дилбар Ашимбаева менен маектештик.

Ал “мындай формалар үчүн 95 миң сом — туура эле баа”,- дейт.

«Бул абдан чоң эмгек жана жоопкерчилик. Мен форма кыргыздын маданиятын көрсөтүп турууну кааладым. Өзгөчө болуусун кааладым. Улуттук олимпиадалык комитет мага тапшырма берди. Ак пальто, бир бөлүгүндө сакура, бир бөлүгүндө кыргыздын орнаменти болушу керек болчу. Мындай формалар үчүн 95 миң сом — туура эле баа»,- деди ал.