Төкмө акындар соцтармактарда медиасабаттуулукту жайылтышат

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен төкмө акындар медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча жаңы долбоор жөнүндө баяндоону улантат. Бул тууралуу Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтында жарыяланды.

2022-жылы «Медиа-К» долбоору төкмө акындарды колдоо боюнча билим берүүчү контенттик программаны ишке салды. Бул программа салттуу төкмө акындардын чыгармачылыгы аркылуу медиасабаттуулукту жайылтууга жана кеңири онлайн-аудиторияны камтуу үчүн аларга жаңы медианы үйрөтүүгө багытталган. Программа аларды окутууну, эксперттик, техникалык, ошондой эле контентти өндүрүү үчүн стипендиялык колдоону камсыз кылат.

Үч күндүк окутуучу семинардын жыйынтыгында сынактын негизинде беделдүү комиссия тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарынан 21 акын-импровизатор тандалып алынган. Долбоордун катышуучулары болгон акындарга Интерньюстун окуу борборунда ар жума сайын кыргыз таануу боюнча лекциялар өтүүдө. Февраль айында Ысык-Көлдүн жээгинде долбоордун тандалган катышуучулары үчүн медиасабаттуулук жана социалдык тармактар ​​аркылуу чыгармачылыкты жайылтуу боюнча интенсивдүү семинар өткөрүлгөн.