Токмокто 4 жаштагы кызды таап, апасына өткөрүп беришти

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адашып, үйүн таппай калган 4 жаштагы Адиля аттуу бөбөктү таап апасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Алгач милиция кызматкерлери кыздын апасына балдарды кароосуз калтырбоону эскертишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан соң өткөрүп беришти.