Токмокто жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.
«Шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон балатынын жанышын күткөн шаардыктар борбордук аянтка чогулушту. Шаардыктарды куттуктап мэр Максат Нусувалиев үстүбүздөгү жылда ишке ашкан ийгиликтер менен бөлүшүп, бул жыл Токмок шаарынын өнүгүүсүндө ырыскылуу, куттуу жыл болгонун белгилеп, алдыга койгон пландарды да айтты. Келе жаткан жылда курулушу баштала турган мамлекеттик ипотекага курулуучу үйлөр үчүн кичи райондон 45 гектар, бассейн тараптан 11 гектар жер бөлүнүп берилгенин айтты.
Бийиктиги 28 метрге жеткен сулуу өзгөчө жаркырап, жаңы жылдын жакын калганынан кабар берип турду. Майрамды шаңга бөлөп ырчылар Сыймык Бейшекеев, Нурлан Насип, Алтынбек Кыдыралиев, Адил Касенов, Шухрад Якубов жана Токмоктун маданият ордосунун өнөрпоздору, ырчылары, бийчилери өз өнөрлөрүн тартуулашты»,- деп айтылат маалыматта.