Токмокто салмагы 5 килограмм болгон ымыркай төрөлдү

Токмок шаарынын башчысы Алтынбек Эргешов шаардык төрөт үйүндө 5 килограмм салмактагы кыз төрөгөн келинден кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Мэр көңүл буруу жана колдоо көрсөтүү максатында жаш энеге 10 миң сомдук куттуктоо сертификатын тапшырып, анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт каалады»,— деп айтылат маалыматта.