Токмоктогу 2 аялдын кылыгы көпчүлүктү кыжырдантты (видео)

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары 2 аял тартылган видео менен бөлүшүп жатышат.

Алардын айтымында, кайрымдуулук фонддордун бири муктаж болгондорго керектүү нерселерди чогултуу үчүн чоң куту орноткон. «Жыйналган буюмдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга арналган. Бирок бул эки аял өзүм билемдик менен андагы нерселерди сууруп чыгышкан. Мүмкүн аларга бир нерсе керек болду, бирок ушундай жол менен алуу менен балдарына жаман үлгү көрсөтүп жатышат. Андан сырткары алар эл отурган отургучту тебелеп кетишти», — дешти окуянын күбөлөрү.