Токмоктогу психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казып жаткан видео тарап, көпчүлүктүн жанын кейитти.
Видеодогу адамдар — Токмок шаарындагы психоневрологиялык №1 стационардын мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптары. Видеонун автору алардын оор жумушка тартылганын айтып, мекеменин директоруна нааразычылыгын билдирген.
Turmush басылмасы стационардын директору Улукбек Усупбековдон бул окуя тууралуу комментарий алган. Ал видеодогу “канализация апрелден бери экскаватор менен казылып, бүтүрүү иштеринин аз бөлүгү эмгек терапиясынын алкагында бир нече бейтаптар арасында уюштурулганын” билдирген. Ал эми бейтаптардын жумушка тартылуусу мыйзам чегинде болгонун, бул эмгек терапиясы экендигин айткан.
Эртең, 16-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16,...
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен...
Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу...
Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган сөөктөр табылды. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти. "Баткен районунун Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүндө мындан...