Токмоктун мал базарында 120 миң сомун уурдаткан аксакалга акча чогултуп беришти (видео)

Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкен.

Чөнтөкчүлөрдү аксакал байкабай да калган. Айласын таппай турган карыяны көргөн жарандар ошол жерден акча чогулта башташкан. Алар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.