Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган адам сөөктөрү көмүлдү

Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган маркумдардын сөөгү чогултулуп, жалпы 22 мүшөк менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Кара-Тектир айылындагы мүрзөгө көмүлдү. Бул тууралуу Токтогул районунун акиминин орун басары Нурболот Кожобергенов билдирди.

Анын айтымында, 31-март күнү маркумдардын сөөгүн жыйноого райондогу мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тартылган. Чогулгандар Токтогул суу сактагычынын айланасын төрт аймакка бөлүп алышканы айтылды.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, сөөктөр буга чейин да жээкке чыгып турган. Бирок суу сактагычтагы суу кескин тартылып кеткендиктен жээкке чыккан сөөк көбөйүп кеткен.

Нурболот Кожобергенов 1974-жылы суу сактагычка суу толтурула баштаганда алдында жалпы 24 айыл менен конуш калгандыгын кошумчалады. Жер которууга мажбур болгон тургундар айылдагы мүрзөдөн жакындарынын сөөктөрүн казып кетишкен. Бирок мурунку бейиттердеги ата-бабалардын сөөктөрү калып калган. Суу алдында канча мүрзө калганы боюнча так маалымат жок.