Маалыматка караганда, болжол менен 9-10 айлык сүлөөсүн көп убактан бери тамактанбай, алсырап калган. Аны кармап, Бишкекке жеткиришти. «Түндө бизге Токтогулдагы Экотехинспекциядан ургаачы сүлөөсүн алып келишти. Энесинен ажырап же адашып калганбы, көп убакыт тамак жебей калыптыр. Арыктап, үшүп, болбой калган ал кашардагы адамдарга келиптир. Кашардын ээси — жаш жигит анын абалын түшүнүп, алдына бир аз эт ыргытып, экология инспекторлорун чакырыптыр. Аны кармап, тез арада бизге жеткиришти. Көрүлгөн аракеттерден кийин ал жашап кетет деген үмүт бар«, — деп билдиришет фонддон.
«Манас» аэропортуна биринчи Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча транзиттик каттам аткарылды
Бүгүн, 16-майдан баштап T’way Airlines авиакомпаниясы Инчхондон (Түштүк Кореяга) Загреб шаарына (Хорватияга) багыт алып – «Манас» эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрү...