10-январда Жалал-Абадда 24 жаштагы келин асынып алган. Маалыматты облустук милициядан тастыкташкан.
- 10-январь күнү саат 01:00дөр чамасында Токтогул РИИБдин «102» кызматына ошол эле райондун 24 жаштагы тургуну жашаган үйүндө асынып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Токтогул РИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иш кагаздар чогултулган. Аталган факты Токтогул РИИБге «өзүн өзү асып алуу» болуп катталган.
Журналист Баяна Кулова келиндин мугалим болуп иштеп келгенин, анын өлүмүнө үй-бүлөлүк басмырлоо себеп болушу мүмкүн экенин, сөөгү жерге берилгенин жазды. «Анан биздин Токтогулдун милициясы тоок өлүп калгансып арыз беришкен жок деп кылмыш ишин козгобой ишти ачпаптыр. Силер кылмыш ишин козгоп, алкынган кайнежелерди ордуна коюуу үчүн дагы канча келин жанын кыйыш керек урматтуу милиция?» — деп жазган ал.