Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:50дөн тарта алынды.
Чектөө бүгүн, 13-ноябрда таң эрте жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.