Төө-Ашууда кар жаады. Жол тескөөчүлөр айдоочуларды сак болууга чакырды

Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу башкармалык айдоочуларды сак болууга жана жол эрежесин сактоого чакырат. Ошондой эле маанилүү нерсе болбосо, сапарга чыгуудан  баш тартууну өтүнөт.