Төө-Ашууда тоннель 26-июлдан тарта 10 сааттан жабылып турат. График

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 сааттан ашык жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Апта ичинде Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең мененки саат 05:00дөн баштап 16:00гө чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.