Төрага депутатка: «Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин»

Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ага Нурланбек Тургунбекович деп кайрылган депутат Жанар Акаевге аты-жөнүнө байланыштуу эскертти.

«Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин. Мен Нурланбек Тургунбек уулумун. Кыргызча кайрылгыла. Нурланбек Тургунбекович жок»,— деди төрага.

Эске салсак, ушул жылдын башында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрткөн.