«Жолубуз оңолсо, ишибиз оңолот». Төрага Нурланбек Шакиев Алайга барды

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында аймактагы жолдордун абалы менен таанышты. Гүлчө — Корул — Суук-Дөбө автоунаа жолунун асфальтталган бөлүгүн ачуу аземине да катышты.

Жергиликтүү эл менен жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев мамлекет тарабынан калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын кошумчалады. Муну менен катар дүйнөлүк каатчылыкка карабай Кыргызстанда быйыл көптөгөн жолдор оңдолгонун эске салды. “Жолубуз оңолсо, ишибиз оңолот. Андыктан жолдорду куруу жана калыбына келтирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Айрыкча алыскы жолдорду жаңылоо, табияты катаал айылдардагы каттамдарды жакшыртуу иши мындан ары да уланат. Анын ичинен келечекте Алай менен Кара-Кулжа райондорун байланыштыра турган жол салынса аймактын экономикасы үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлчө айылында жайгашкан Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектеп-интернатынын абалы менен таанышты. «1977-жылы курулган мектеп-интернатта 337 окуучу окуйт. Билим берүү мекемесинин жамааты имараттын жылуулук системасын жана терезелерин жаңыртуу, чатырын толук алмаштыруу маселелерин көтөрүштү. Муну менен катар мектеп-интернатын лицей катары кайра түзүү сунушун беришти. Төрага айтылган көйгөйлөр эске алынарын белгилеп, тиешелүү министрликке мекеменин макамын өзгөртүү маселесин карап чыгууну табыштады», — деп айтылат маалыматта.

Нурланбек Шакиевди спикердин орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Транспорт жана коммуникациялар, Билим берүү жана илим министрликтеринин жетекчилери жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов коштоп жүрөт.