Төрага Нурланбек Шакиев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга унаа алып берди (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ичке-Суу айылында жайгашкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Мекеменин жалпы ишмердүүлүгү жана андагы түзүлгөн шарттар менен таанышкан төрага: “Биз бири-бирибизди колдогондо гана ийгиликке жете алабыз. Айрыкча калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет”, – деди.

Нурланбек Шакиев буга чейин да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнүн алкагында аталган мекемеге барып, жамааттын көйгөйлөрүн уккан. Андагы жолугушууда олуттуу маселе катары унаага муктаждык бар экени айтылган. Ага ылайык, төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, бүгүн реабилитациялык борборго Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды. Ошондой эле балдарга майрамдык белектер берилди.

Өз кезегинде мекеменин жетекчиси авто унаага болгон муктаждыкты кыска аралыкта чечип бергендиги үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирип, унаанын реабилитациялык борбор үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеме 2014-жылы түзүлгөн. Бул жерде 4 жаштан 18 жашка чейинки сексенге жакын бала тарбияланууда.