Төрага Нурланбек Шакиев: “Спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты”

Кечээ, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын катышуусунда “Кыргыз спортунун келечеги” аталышында тегерек стол өттү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрликтердин жана мекемелердин, спорттук федерациялар менен бирикмелердин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана тармактын ардагерлери катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланып, спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук статусун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен спорттук федерациялардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу чаралары каралды.

Иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов ачып, спорт коомчулугунун кайрылуусуна ылайык, тармакты тейлеген өз алдынча мамлекеттик орган түзүү зарылчылыгы тууралуу сөз кылды. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкө калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү, чоң спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

“Спорт жалпы улуттук маданиятты калыптандыруучу жана аны өнүктүрүүчү, коомдун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүчү, калктын физикалык жана руханий саламаттыгын камсыздоочу мамлекеттик саясаттын негизи болуп эсептелет. Айрыкча, спорт тармагындагы жетишкендиктер биз үчүн чоң сыймык. Анткени, спортчуларыбыз жана командаларыбыз эл аралык абройлуу мелдештерде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстаныбызды таанытууда”, – деген төрага ата мекендик спортту өнүктүрүп жаткан спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.

Андан соң Акылбек Жапаров өлкөнүн спорт тармагын колдоо максатында быйыл 960 миллион сом бөлүнсө, келерки жылдын бюджетинде 1 миллиард 600 миллион сом каралганын маалымдап, Министрлер кабинети спортту реформалоо боюнча бардык сунуштарга ачык экенин билдирди.