Төрөхан Жунусбеков «Мегакомдун» директоруна кеңешчи болууга көндү

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалышы соңку күндөр ичинде коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Өзүнүн жаңы кызматка барганынан кабары жоктугу ого бетер отко май тамызган. Ал «Коом.пресс» сайтына берген комментарийинде «Мени «Мегакомго» кыйнап алып барышты. Ал жерде иштөөгө ниетим деле жок болчу» деген.

Кийинчерээк бул теманы улай Төрөхан Жунусбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. “Кеңешчи болуп бер деген сунушу үчүн жана ишеними үчүн Акылбек Жамангуловго терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен мындай уюмда болгонумду жоопкерчилик менен кабыл алдым, сунушту туура көрдүм” деп жазган ал.

Төрөхан Жунусбеков соңку учурда октябрь айындагы окуялардан кийин Бишкек шаарынын мэри болууга аракет кылганы менен элдин эсинде калган. Ал Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы, “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.