Төрөттөн 35 жаштагы кызын жоготкон ата 7 айдан бери акыйкаттык издеп жүргөнүн айтты

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мындан 7 ай мурда 35 жаштагы кызын жоготкон ата кайрылды.

Анын айтымында, анын 35 жаштагы кызы өткөн жылдын 5-июнь күнү төрөттөн каза болгон. Ал кызынын өлүмү боюнча 7-июнда Свердлв РИИБге арыз менен кайрылган. Анын арызынын негизинде 7-июлда кылмыш иши козголгон. Жаран көтөрүп келген кагазда юридикалык баа соттук-комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы менен берилери жазылган. Сыздаган ата ошол экспертизанын жыйынтыгын милиция чыгарып бербей жатат деп, акыйкаттык издеп жүргөнүн айтты. Анын айтымында, окуя боюнча Башкы прокуратурага да кайрылган. Ал жерден 14 күндүн ичинде жообун беребиз дешкен.

Окуя боюнча Свердлов РИИБдин маалымат кызматына байланышканыбызда, маалымат берүүнү убадалашкан, бирок 3 күндөн бери маалымат беришкен жок.

Окуяны 7 ай мурда да чагылдырып, “Сүйүнчү келет деп күтүп отурсак, суук кабар келди” деген үй-бүлөнүн кайгысын тең бөлүшүп, окуянын чоо-жайын менен таанышканбыз.