Транспорт министринин орун басарына тиешелүү үйдүн тосмосу алынды

«Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин айрым ЖМКларда транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу «Арча-Бешик» конушундагы тротуарды курууга тоскоолдук кылып жатканы маалымдалган.