Троллейбус, автобустарга накталай эмес төлөм белгисиз мөөнөткө узартылды

Муниципалдык коомдук транспортторго карточка менен төлөө кызматы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашты.

«Шаардык тургундардын көпчүлүгү «Тулпар» картасын сатып албаганына байланыштуу карта менен төлөө кызматы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Андан сырткары Бишкек шаардык кеңешинин сайтына коомдук транспорттордогу дифференцияланган тариф боюнча долбоор чыгарылган. Долбоордун жыйынтыгы менен шаардыктардын сунушун эске алып, муниципалитет электрондук төлөмдү сапаттуу деңгээлде ишке ашыра алат», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 1-июлдан  тартып муниципалдык транспортторго накталай эмес төлөм жүргүзүлүп баштаары маалымдалган.