«Туманга байланыштуу». Тик учактарга 3 күнгө чектөө киргизилди

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 6, 7 жана 8-январда Төө-Ашуу, Суусамыр ашуусунда тик учактардын учуусуна уруксат берилбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жалал-Абад жана Ош облустарында туман жана төмөн булуттардан улам тик учактардын учуусу убактылуу токтотулат. 9-10-январь күндөрү аба ырайы ачык болуп, учуулар кайра жандана баштайт», — деп жазды министр.