“Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларынын режиссёру, Гүлнур Асанованын өгөй атасы Темираалы Маймашев кайтыш болду

Бүгүн, 19-ноябрда «Карагул ботом», “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларынын режиссёру, Гүлнур Асанованын өгөй атасы Темираалы Маймашев кайтыш болду. Бул тууралуу ырчы айым соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Аллахым сурагын жеңил кылып, мээримине алсын! Үч ай мурда айрым журналисттер чыгарган чыр-чатактан улам комага түшкөнүн маалымдаган элем. Ошондон бери жакшы боло албай, акыры дүйнө салды», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жогорудагы билдирүүдө сөз болгон чыр-чатак учурунда Гүлнур Асанова SuperTV’га маек берген болчу.