Турганбай Памиринин жубайы: «Жолдошум мени чечкиндүүлүгү менен багындырды»

18-ноябрь күнү Бишкекте белгилүү блогер, памирлик жигит Турганбай Памиринин үйлөнүү тою болуп өттү. Той Куран окуу менен башталды. Спирт ичимдиктери коюлган жок жана бий бийленген жок.

«Мен мырзалык сапатына баа бердим. Аракетчилдиги, чечкиндүүлүгү менен жүрөгүмдү багынтты»,- деди жубайы.

«Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Менин бул жакта памирлик деле туугандарым жок. Кыргызстандын тапкан агаларым, инилерим, эжелерим бар. Ошолорго ыраазычылыгымды билдирем»,- деди Турганбай Памири.