Туулган күнүң менен, сом! Бүгүн кыргыз акчасынын чыкканына 30 жыл болду

Кыргызстандын улуттук валютасы – сом, анын эл аралык белгиси –  KGS. Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө токтом Кыргызстандын парламенти тарабынан 1993-жылдын 10-майында кабыл алынган.

Кыргызстан Советтер Союзу тарагандан кийин өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган КМШнын Орусиядан кийинки экинчи өлкөсү болгону маалым. Алгачкы акчабыз Англияда басылып, Бишкекке учак аркылуу жеткирилген. Биринчи банкноттор 1, 5 жана 20 сом номиналында болгон.

Кыргызстандын улуттук валютасы 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 сомдук банкноттордон, 10 жана 50 тыйындык, 1, 3 жана 5 сомдук монеталардан турат. Өлкөдө 10 жана 50 тыйындык дээрлик колдонулбайт.