«Туура эмес ичсе, өлүмгө алып келет». Жаркынбек Касымбеков уу коргошун колдонууга каршы чыкты

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков уу коргошунду дарылык максатта колдонууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал «Спутникте» берген маалымат жыйында айтты.

«Уу коргошун элдик медицинада колдонуларын угуп жүрчүбүз. Анан клиникалык далили жок туруп министр, медицина илимдеринин доктору, профессор катары мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыкканын туура эмес көрөм. Ал — уу, опурталдуу зат, туура эмес ичип алса өлүмгө алып келет, ошондуктан коркунучтуу. Министр ичип атат деп өз алдынча колдонууга болбойт. Мен ага скептикалык көз караш менен карайм», — деди Касымбеков.