Twitter тиркемесине эми акы төлөнөбү?

“Twitter тиркемесинин жетекчилиги акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат”,— деп жазат Bloomberg агенттиги.

Маалыматка караганда, компания карап жаткан варианттардын бири — Tweetdeck акы төлөнүүчү тиркемеси.

Бул тиркеменин өзгөчөлүгү —  бир эле мезгилде бир нече Твиттер лентасын көрүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, социалдык тармактын администрациясы эксклюзивдүү акы төлөнүүчү контент функциясын киргизүү маселесин да талкуулап жатат.

«Биз бул мүмкүнчүлүккө аябай кубанып турганыбыз менен биз дагы деле болсо талкуунун эң алгачкы этабында экенибизди жана 2021-жылы ушул өңүткө байланыштуу олуттуу киреше күтпөй турганыбызды белгилей кетүү маанилүү, бирок кирешенин туруктуулугун жогорулатуу — бул компаниянын башкы максаты деп билдирди Twitterдин сатуу бөлүмүнүн башчысы Брюс Фолк.

Бул социалдык тармак колдонуучуларга Твиттерге кирүүнүнүн айрым функцияларын жакын арада чектөөгө алат. Акы төлөнүүчү жаңылыктар — бул рекорддук аналитика, түрмөктү жарнамасыз көрүү мүмкүнчүлүгү жана жогорку сапаттагы видеолорду көрүү. Жогоруда айтылган маалыматтардын баары акы төлөп колдонгон колдонуучуларга гана жеткиликтүү болот. Компаниянын кирешесинин жарнамага болгон көз карандылыгын азайтуу максатында акы төлөнүүчү «чиптер» киргизилет.