«Түндө балдарым менен көчөдө качып жүрчүмүн» дейт жолдошунан кордук көргөн 4 баланын апасы

Үмүт Абдылдаева – 4 баланын апасы. Жалгыз бой эне. Ным тарткан үйдө жаш балдары менен өп-чап турмушту көрүп жаткан ал башынан оор тагдырды өткөрүп жатканын билдирди. Ал өз сөзүндө күйөөдөн жолу болбогонун, бири башканы тандап кетсе, экинчиси кызыл камчы чыкканын айтат.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номур: 0700 74 56 74

«Экинчи жолдошум аябай кордук көрсөттү. Түндө балдарым менен көчөдө качып жүргөн күндөр болду. Боюмда бар экенин айтсам, ал да баш тартты. «Боюңда болсо эмне кылайын? Ичиңди жарып салайынбы?» дегенинен кийин мен ал  адамга эмне дешти да билбей калдым. Ошону менен ал да жок болуп кетти. Менин да көңүлүм калды. Кызымды өзүм эле төрөп алдым. 

Экинчи жолдошум биринчи жолдошумдан балдарыма кыйкырып, кол көтөрө баштады. Мурда анын биринчи жубайы болгон экен. Аны мен билгем. Бирок ажырашып кеткенин айткан. Мени алдаптыр, аны менен да жашап жүрчү экен. Кайын журтум да балдарымды кабыл алышкан жок. Мен таанышканда анын адам өлтүрүп, соттолгонун да билген эмесмин. Аны кийин билип калдым. Өзүмдүн да оюм өзгөрдү», — деди ал.