«Түндүк электр» ишканасы Кыргызстандагы мыйзамсыз майнинг-фермаларды табууга элден жардам сурайт

«Түндүк электр» ишканасы Кыргызстандагы мыйзамсыз майнинг-фермаларды табууга элден жардам сурап жатат. Компаниядан билдиришкендей, электр энергиясынын дефицити жаралышы ыктымал экенин эске алуу менен бийлик майнинг-фермаларды иштетүү үчүн техникалык шарт түзүүгө убактылуу тыюу салган.

Рейддердин биринде Ысык-Ата районундагы таш майдалаган ишкананын аймагынан ушундай ферма табылган. «Абонент электр энергиясын мыйзамсыз колдонуп жүргөн. Ал кубаттуулугу 1000 киловольт-ампер болгон трансформатордун эсептегич приборлорунан айланып өтүп, электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланган. Акт түзүлдү. Видео байкоо жүргүзүү учурунда жабдыкты аймактан чыгарып, электр тармактарына туташтыруу аракети байкалган», — дешет компаниядан.

Аталган объектиге берилген электр кубаты токтотулуп, абонентке айып салынган. Материалдар укук коргоо органдарына жиберилди. «Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды майнинг-фермаларды табууга жана маалыматы барларды 1209 тынымсыз байланыш номерине чалууга чакырат.