Түп районуна караштуу Түп айылынын 78 жаштагы тургуну 17-ноябрда үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Издөө иштерин жүргүзүүгө жерине ӨКМден 13 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 16 адам тартылган. Куткаруучулар Түп суусунан жана жээктеринен издешти. Ал эми бүгүн, 20-ноябрда кайрадан жергиликтүү тургундар, РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте ӨКБдан 8 куткаруучу издөө иштерине чыгышты.