Түрк ЖМКлары: «Орхан Инанды ФЕТӨ уюмунун качкын 25 мүчөсүнө Кыргыз паспортторун мыйзамсыз жасатып берген»

Орхан Инанды Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө кыргыз паспортун мыйзамсыз жасап берген, ошондой эле башпаанек берген деп жазат haberturk.comЖалпыга маалымдоо каражаттары маалымат булактарына таянып, 2001-жылдан тартып жакынкы убакка чейин ал Кыргызстан үчүн жооптуу болсо, 2017-жылдан бери Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн жооптуу адамга айланганын жазып чыгышты.

«2021-жылы март айында Пенсильваниядагы (АКШ) Фетхуллах Гүленге барып, көрсөтмөлөрдү алган, ошондой эле уюмдун топ-менеджерлери деп аталган Мустафа Өзжан, Нажи Тосун, Барбарос Кожакурт менен байланышкан», — деп жазат түрк басылмасы. Басылманын маалыматы боюнча, Инанды Кыргызстандын паспортторун, анын ичинде Мустафа Өзжанга жана Банк Азия башкармалыгынын мурунку төрагасы Али Челикке жасаткан. 

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.