Түрк компаниясы Бишкекке монорельстин курулушун пландаштырууда

Түркиялык Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş. Бишкек шаарында монорельстүү транспорттук тутумду куруу маселесин изилдеп жатат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарында компания менен Инвестициялар министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

«12-14-июль күндөрү түрк компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз жана компаниянын технологу Йылгай Йылмаз Бишкек шаарынын транспорт тутумун изилдөө үчүн Бишкекке келишти. Инвестициялар министрлигинин кызматкерлери Бишкек мэриясы менен биргеликте монорельстүү транспорттук тутумду куруу үчүн потенциалдуу аянтчалар менен таанышуу үчүн түркиялык өкүлдөр менен талаа иштерин жүргүзүштү», — деп айтылат маалыматта.