Түркиянын Кожаэли провинциясында дээрлик 650 жаран тоок этинен жасалган шаурмадан ууланганын Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, окуя 3-апрелде Кожаэлинин Керфез районунда болгон. Дүкөндөн сатып алынган дөнерди жегенден кийин адамдар жүрөк айлануу жана кусуу менен ооруканага кайрыла башташкан. Учурда алардын арасынан эки кишинин абалы оор.
«Облус боюнча жалпысынан 648 адам уулануу боюнча ооруканаларга кайрылса, алардын 646сы айыгып, экөөнүн дарылануусу уланууда, өмүрүнө коркунуч жок», — деп билдиришти жергиликтүү бийликтен.
Окуяга байланыштуу эки адам кармалган. Полиция дөнер саткан дүкөндү жапты. Адистер продукциянын үлгүлөрүн анализдөө үчүн алып, дөнер белгиленген стандартка жооп бербегенин аныкташкан.