Түркияда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунан билдиришти. 

Жер титирөө 88,1 миң адам жашаган Козан шаарынан 20 чакырым түндүктө жана Османия шаарынан 69 чакырым түндүк-батышта катталган. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Эске салсак, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 баллга, ошол эле күнү дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул жер титирөөлөрдүн кесепетинен түрк бийлигинин маалыматы боюнча 50 миңден ашуун адам каза болгон.