СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Хатайда каза болду делген 37 жаштагы келин тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ал келин боюнча издөө-куткаруу иштери дагы эле жүрүп жатат.
«Дайыма жакшыга үмүт кылыш керек. Күнүгө бирөөлөр жоголуп, кайра табылып жатат. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот. Ал келин боюнча издөө-куткаруу иштери уланууда. Маалымат тактала элек. Расиий маалымат болгондо айтабыз. Жеринде дипломаттар иштешүүдө. Хатайда издөө-куткаруу иштери болуп жатат. Маалымат болору менен билдирем», — деди ал.
Буга чейин ТИМ маалымат таратып, Түркияда жер титирөөдөн Кыргыз жараны каза болду деген маалымат ырасталбаганын билдирген.