Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандык келиндин 37 жашта экени маалым болду

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Түркиянын Хатай шаарында каза болгон кыргызстандык тууралуу маалымат берди.

6-февралда Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараныбыз каза болгондугу тууралуу маалымат бүгүн ырасталганын терең өкүнүч жана кайгыруу менен билдирем. Маркумдун аты-жөнү жакындары тарабынан такталды.

Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларын жоюу иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту.

Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү менен Жүк-200 жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, — деди ал.

Буга чейин ТИМ маалымат таратып, Хатайда кыргызстандык аял киши каза болгонун билдирген.