Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандык 37 жаштагы келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун эжеси билдирди.
Маалыматка караганда, Жүк-200 Бишкекке бүгүн, 14-февралда эртең менен келген. Келиндин сөөгү Токтогулдагы Өзгөрүш айылында жерге берилет.
6-февралда Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Хатай шаарында Кыргыз жараны каза болгонун ТИМден билдиришкен.










