Ушул жылдын 6-февралында Түркияда катуу жер титирөө катталып, анда миңдеген адам каза болду. Дал ушул апаатта түрк элине бир катар мамлекеттен куткаруучулар тартылган. Алардын катарында Кыргыз өлкөсүнөн барган куткаруучулар 8 жанды тирүү куткарып, 198 жансыз денени уранды алдынан алып чыгышкан.
«Жансыз денелерди көрүүгө психологиялык жактан куткаруучулар даяр. Ал эми жаңы келген кызматкерлерибизге өтө оор болду. Жансыз денелер да бүтүн болгон жок да, баары басылып калган, мүчөлөрү ажырап калган. Бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен жансыз денелер да болуп жатты», — деди куткаруучулардын бири.